Кыргызча Русский
Орусия Кыргызстан Армения Казакстан Беларус
Бишкек
sportmaster
Сиз товарды КААЛАГАН
чекене дүкөнгө кайтара аласыз:
  • сатып алган дүкөнгө ошол эле күнү
  • башка дүкөнгө кийинки күнү
Дүкөндөрдүн даректери

Товарды алмаштыруу жана кайтаруу

Эгер товар өлчөмү, түсү, фасону же башка себептер боюнча туура келбесе, сапаты талаптагыдай болгон товарды кайтаруу Керектөөчүнүн кайрылуусунун негизинде ишке ашырылат. Кайрылууну товарды сатып алган күндөн тартып 14 күндүн ичинде берүү зарыл.

Талаптагыдай сапаттагы товарды кайтарууда товардын Керектөөчү тарабынан төлөнгөн наркы гана кайтарылат.

1-кадам – Дүкөнгө кайрылыңыз.
2-кадам – Сатып алынган товардын чегин көрсөтүңүз.
3-кадам – Башка товарга алмаштырып алыңыз же акчаңызды кайтарып алыңыз.

Сиз товарды сатып алгандан (товарды сизге өткөрүп бергенден) тарта он төрт күн аралыгында аны кайтарууга же, эгер ал Сизге өлчөмү, формасы, габарити, фасону, түсү же комплектациясы боюнча туура келбесе, аны башка өлчөмдөгү, формадагы, габариттеги, фасондогу, түстөгү же комплектациядагы дал ошондой товарга алмаштырып алууга укуктуусуз.

Талаптагыдай сапаттагы товарды төмөнкү шарттар сакталган учурда кайтаруу мүмкүн:

  • товар пайдаланылбаган;
  • товардын товардык көрүнүшү сакталган;
  • товардын керектөөчүлүк касиеттери сакталган.
Керектөөчүнүн товарды алмаштыруу же кайтарып берүү жөнүндө талабы аны ошол сатуучудан алгандыгы далилденген учурда канааттандырылууга жатат.

Товарды кайтаруу же алмаштыруу соода объектинин иштөө сааттарында жүргүзүлөт.

Товарды кайтарган же алмаштырган учурда, эгер товар керектөөчүлүк таңгакта сатылган болсо, керектөөчү аны ошол таңгагында кайтарууга милдеттүү.

Товарды кайтаруу шарттары
  • Сапаты талаптагыдай болбогон товар сатылган учурда, эгерде анын кемчиликтери сатуучу тарабынан айтылбаган болсо, керектөөчү өзүнүн каалоосу боюнча төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:
    - сапатсыз товарды сапатка ээ товарга алмаштырууну;
    - товардын наркын анын кемчилигине жараша төмөндөтүүнү;
    - дароо товардын кемчиликтерин акысыз калыбына келтирүү;
    - товардын кемчиликтерин калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарын ордуна коюу.
  • Жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын ордуна керектөөчү чекене сатуу-сатып алуу келишимин бузууга жана товар үчүн төлөнгөн акчалай сумманы кайтарып алууну талап кылууга укуктуу.
  • Сапаты талаптагыдай болбогон товарды аталган товарды сатып алуу фактын жана шарттарын тастыктаган документ (мисалы, кассалык чек) болгон учурда гана кайтарып берүү мүмкүн. Эгер товарды сатып алуу фактын тастыктаган документ жок болсо, товарды кайтаруу же алмаштыруу керектөөчү аны дал ошол сатуучудан алгандыгын тастыктаган учурда ишке ашырылат.
  • Сатуучу керектөөчүдөн сапаты талаптагыдай болбогон товарды кабыл алат, ал эми зарыл болгон учурда – оңдоо иштерин аткарган уюмду чакыруу менен товардын сапатын текшерет.
  • Керектөөчүнүн жана сатуучунун ортосунда товардын кемтигинин болушу жана анын пайда болуу себептери жөнүндө талаш келип чыккан учурда, сатуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте товарга экспертиза жүргүзөт. Экспертизаны жүргүзүү орду жана убактысы жөнүндө керектөөчүгө жазуу же оозеки түрүндө билдирилет.
Товарды кайтаруу ыкмалары
Товарды кайтаруу үчүн «Спортмастер» дүкөнүнүн кызматкерлерине кайрылыңыз. Кассалык чекти же товарды дал ушул сатуучудан сатып алуу фактын тастыктаган башка документти ала келиңиз.

Акчаны банктык картага кайтарууда акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү алуучу банктын ички регламенттерине жараша болот. Акча каражаттары болжол менен 3-5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылат.

Накталай акча каражаттары дүкөндө товарды кайтаруу учурунда кайтарылат.

Кошумча маалымат алуу үчүн жана/же товардын сапаты боюнча даттанууларды билдирүү үчүн support.kg@sportmaster.com дарегине жазыңыз.

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 3-үй. "Asia Mall" СБ, 2-кабат
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көч. 148. "Bishkek Park" СКБ, 2-кабат

Тиркемеге кирүү бөгөттөлгөн.

Баракчаны жаңыртып көрүңүз. Мындай жагдай кайталанса, support.kg@sportmaster.com дареги боюнча биз менен байланышып, бөгөттөөнүн URL дарегин, катанын кодун жана IP-дарегиңизди билдириңиз.
Баракчанын дареги:
Катанын коду:
IP-дарек: