Кыргызча Русский
Орусия Кыргызстан Армения Казакстан Беларус
Бишкек
sportmaster

КУПУЯЛУУЛУК ЖӨНҮНДӨ КОЛДОНУУЧУЛУК МАКУЛДАШУУ

1.1. Ушул Жеке маалыматтардын купуялуулугу жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу, Купуялуулук жөнүндө макулдашуу) «Спортмастер Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому Колдонуучулардан алар «Спортмастер Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун сайтын, сервистерин, кызматтарын, программаларын жана өнүмдөрүн (мындан ары – Сервистер) пайдаланган учурда алышы мүмкүн болгон бардык маалыматтарга карата колдонулат.

2.1. Уюм – «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюшулган, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Калык Акиев көч., 95-үй, 14-кеңсе дареги боюнча жайгашкан юридикалык жак, ИСН: 02611201910196.

2.2. Колдонуучу – анкетаны толтуруу же Маалыматтык электрондук ресурсту пайдалануу аркылуу өз ыктыяры менен каттоодон өткөн жана Маалыматтык электрондук ресурстун Сервистерин пайдалануу үчүн, ошондой эле Уюмдун соода объектинде андан аркы сатып алууларды ишке ашыруу үчүн маалымат алуу максатында уникалдуу авторизациялоо кодун алган кандай болбосун жеке жак. Ушул Колдонуучулук макулдашууга кошулган жана Маалыматтык электрондук ресурстун маалыматтык ресурстарына жана сервистерине жетүү мүмкүнчүлүгүн алган, анын ичинде Маалыматтык электрондук ресурста каттоо жана (же) идентификациялоо жол-жобосунан өткөн жеке жак Колдонуучу болуп саналат, ошого тете аны кандайдыр бир жол менен аталган жол-жоболордон өтүүсүз пайдаланган жеке жак ушул Колдонуучулук макулдашууга кошулган деп эсептелет.

2.3. Каттоо – Маалыматтык электрондук ресурсту, башка көмөкчү Сервистерди пайдалануу максатында, Уюмдун Клубдук Программасына катышуу максатында, ошондой эле ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн башка мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн Колдонуучу тарабынан маалыматтарды, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, жеке маалыматтарды берүү жол-жобосу.

2.4. Уюмдун соода объектилери – «Спортмастер» дүкөндөрү.

2.5. Маалыматтык электрондук ресурс – «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсынын менчиги болуп саналган (же ага башка укуктар боюнча берилген) программалык-техникалык каражаттардын жана программалык коддордун комплекси, алар аркылуу Уюм Колдонуучуга маалыматтарды берет, системанын тийиштүү ресурстарына жана сервистерине жектиликтүүлүктү камсыз кылат (ушул Колдонуучулук макулдашуунун максаттары үчүн мындай ресурс Маалыматтык күркө (маалыматтык терминал, маалыматкүркө, инфомат) – билме маалыматтарды берүүгө арналган автоматташтырылган программалык-аппараттык комплекс болуп саналат).

2.6. Ресурстун администрациясы – Маалыматтык электрондук ресурстун ээси, ал Маалыматтык электрондук ресурстун иштешин жана ага жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, атап айтканда, «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы.

2.7. Уюмдун Клубдук программасы – анын катышуучуларына «Спортмастер» дүкөндөрүндө сатып алууга жана кошумча сервистерден, артыкчылыктардан жана башка каралган мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга мүмкүндүк берген топтомо бонустук программа. Ушул Клубдук программа Уюмдун Клубдук программасына катышуу эрежелери менен жөнгө салынат.

2.8. Товар – ал тууралуу маалымат Маалыматтык электрондук ресурста жайгаштырылган өндүрүм.

2.9. Маалыматтык электрондук ресурстун сервистери – Маалыматтык электрондук ресурста пайдалануу үчүн жеткиликтүү болгон бардык кызматтар.

2.10. Колдонуучулук макулдашуунун формалары – Колдонуучу Уюмдун Клубдук программасына катышуу жол-жоболорунан өтүүдө өзүнүн жеке маалыматтарын киргизген жана ушул Колдонуучулук макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган формалар, анкеталар.

2.11. Жеке маалыматтар – Колдонуучу каттоодон өтүүдө, Маалыматтык электрондук ресурсту пайдалануу аркылуу Буюртма жасоодо же Сервистерди пайдалануу процессинде өз алдынча берген өзү жөнүндө маалыматтар, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, Колдонуучунун жеке маалыматтары.

2.12. «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсынын Интернет-сайты – sportmaster.com дареги боюнча жайгашкан, Уюм тарабынан тескеп-башкарылган же Уюмдун башкаруусу алдында болгон жана анын ишмердиги менен түздөн-түз байланышкан Интернет желесиндеги веб-сайт (ресурс).

2.13. Жумуш мейкиндиги – Маалыматтык электрондук ресурста көрсөтүлгөн маалыматтардан Товарды тандоону, кароону ишке ашыруу үчүн, ошондой эле Маалыматтык электрондук ресурстун Сервистеринен пайдалануу үчүн Маалыматтык электрондук ресурстун техникалык аспаптардын топтомун камтыган интерфейси.

2.14. Купуялуулук жөнүндө макулдашуу – ушул Колдонуучулук макулдашуу, ал Колдонуучу Маалыматтык электрондук ресурстун сервистерине жеткиликтүүлүк алган бүткүл мезгилдин ичинде «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы менен Колдонуучунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.

2.15. Жеке маалыматтар оператору – «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы. Жайгашкан дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Калык Акиев көч., 95-үй, 14-кеңсе, ИСН: 02611201910196.

3.1. «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы Сервистерди көрсөтүү жана/же Колдонуучунун Товарды сатып алуусу, Маалыматтык электрондук ресурсту пайдалануусу, Уюмдун Клубдук программасына катышуусу үчүн зарыл болгон жеке маалыматтарды гана чогултат, иштеп чыгат жана сактайт.

3.2. «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы Колдонуучунун жеке маалыматтарын төмөнкү максаттарга пайдаланат:

3.2.1. Колдонуучунун «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы менен болгон келишимдеринин алкагында тарапты идентификациялоо;

3.2.2. Уюмдун Клубдук программасына катышуу шарттарына ылайык Колдонуучунун төлөмдөрүн иштеп чыгуу жана алуу;

3.2.3. Колдонуучуга натыйжалуу колдоо көрсөтүү;

3.2.4. Колдонуучуга жекелештирилген Сервистерди көрсөтүү;

3.2.5. Колдонуучу менен байланыш, анын ичинде Сервистерди пайдаланууга, Товарларды сатууга тиешелүү билдирүүлөрдү, сурамдарды жана маалыматтарды жөнөтүү, ошондой эле Колдонуучунун сурамдарын жана өтүнмөлөрүн иштеп чыгуу;

3.2.6. Сервистердин сапатын, аларды пайдалануу ыңгайлуулугун жакшыртуу, жаңы Сервистерди жана кызматтарды иштеп чыгуу;

3.2.7. Колдонуучуну «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан уюштурулган иш-чаралар жана акциялар жөнүндө, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, Колдонуучунун Клубдук программага катышуусунун алкагында Уюмдун өзүнүн милдеттенмелерин аткаруусу үчүн жана Колдонуучуга атайын сунуштарды, жаңы Товарлар, лоялдуулук программалары жөнүндө маалыматтарды жөнөтүүнү уюштуруу максатында маалымдоо;

3.2.8. ээсиздендирилген маалыматтардын негизинде статистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү.

3.2.9. Колдонуучуга Уюмдун ишмердиги менен байланышкан жаңылык билдирүүлөрүн жөнөтүү үчүн.

3.3. «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы, маалыматтарды алуу ыкмасынын өзгөчөлүгүнөн улам, Колдонуучу тарабынан берилген жеке маалыматтардын аныктыгын текшербейт жана анын актуалдуулугуна көзөмөл жүргүзбөйт. Бирок «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы Колдонуучу Колдонуучулук макулдашуунун Формаларында берилген суроолор боюнча анык жеке маалыматтарды берет жана аталган маалыматтарды актуалдуу абалда сактайт деп эсептейт. Анык эмес же актуалдуу эмес жеке маалыматты бергендиги үчүн бүткүл жоопкерчилик, ошондой эле анын мүмкүн болгон кесепеттери Колдонуучуга жүктөлөт.

4.1. «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы Колдонуучу тарабынан Колдонуучулук макулдашуунун Формаларында берилген жана көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды учурдагы ченемдик актыларга, ошондой эле алардын негизинде түзүлгөн ички регламенттерге ылайык сактайт жана иштеп чыгат.

4.2. Колдонуучунун жеке маалыматтарына карата купуялуулук, Колдонуучу өзү жөнүндө маалыматтарды жактардын чектелбеген санына жалпы пайдалануу үчүн өз ыктыяры менен берген учурлардан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган учурлардан сырткары, сакталат.

4.3. «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы Колдонуучунун жеке маалыматтарын мыйзам тарабынан мындай маалыматтарды коргоого коюлуучу талаптарга ылайык коргойт жана мындай маалыматты коргоонун коопсуз ыкмаларын пайдалануу үчүн жооптуу.

4.4. «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы Колдонуучунун жеке маалыматтарынын корголушун жана алардын тийиштүү түрдө пайдаланылышын камсыз кылуу жана ага уруксатсыз жана/же кокусунан жетишүүнүн алдын алуу үчүн керектүү жана жетишерлик техникалык жана административдик чараларды колдонот. Колдонуучу тарабынан берилген жеке маалыматтар корголуучу жайларда жайгашкан, жеткиликтүүлүгү чектелүү серверлерде сакталат.

4.5. «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы Колдонуучунун жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга (анын ичинде жаздырып алуу, системалаштыруу, топтоо, тактоо, сактоо, чыгарып алуу, Колдонуучуга атайын сунуштарды, жаңы товарлар жана жарнамалык акциялар жөнүндө маалыматтарды түздөн-түз жиберүү, сурамдарды жана кайрылууларды иштеп чыгуу, ошондой эле жеке маалыматтарды жок кылуу менен алектенген уюмдарга) өткөрүп берүүгө, анын ичинде жеке маалыматтарды Россия Федерациясына трансчекаралык өткөрүп берүүгө төмөнкү учурларда укуктуу:

4.5.1. Колдонуучу мындай иш-аракеттерге макулдугун айкын билдирген, башкача айтканда, Маалыматтык электрондук ресурста, ошондой эле «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсынын Буюртма жасоо жана/же Клубдук программага катталуу функциялары бар башка Сервистеринде жеке маалыматтарды камтыган формаларды толтурууда «Колдонуучулук макулдашууну кабыл алам» белгилөө кутучасына белги койгон;

4.5.2. Маалыматтарды өткөрүп берүү Колдонуучу тарабынан белгилүү бир Сервисти пайдалануу же Колдонуучуга кызматтарды көрсөтүү, ушул Макулдашууга ылайык милдеттенмелерди аткаруу үчүн керек;

4.5.3. Маалыматтарды өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же мыйзамдар менен белгиленген жол-жобонун алкагында башка мыйзамдар менен каралган;

4.6. Колдонуучулардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууда «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамы менен жетектелет.

5.1. Колдонуучу каалаган убакта support.kg@sportmaster.com электрондук дареги боюнча «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсынын Маалымдоо кызматына кайрылып, өзү берген жеке маалыматтарын өзгөртүүгө, өчүртүүгө укуктуу.

6.1. Эгер Макулдашуунун кандайдыр бир шарты Колдонуучу үчүн ылайыксыз болсо, Колдонуучу ушул Макулдашууну ырастоодон баш тартууга укуктуу.

6.2. Колдонуучу анын ушул Макулдашууну кабыл алуусу («Колдонуучулук макулдашууну кабыл алам» белгилөө кутучасына белги коюу) Колдонуучунун Макулдашуунун бардык шарттарына толук макулдугун билдирет деп тастыктайт. Ушул Макулдашууну кабыл алуу менен, Колдонуучу Уюмдун Клубдук программасына катышуу эрежелери менен таанышкандыгын тастыктайт, анын бардык шарттарын кабыл алат жана аларга макул болот, ага тете эле Колдонуучулук макулдашууну кабыл алат. Атап айтканда, Колдонуучу, ушул Макулдашууну кабыл алуу менен, «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсына электр байланыш тармактары жана почта байланышы (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен: SMS-таратуулар, e-mail-таратуулар, push-билдирүүлөр форматында (анын ичинде уюлдук колдонмолор аркылуу), Viber мессенджеринде билдирүүлөрдү таратуу, телефония, Интернет тармагы жана уюлдук түзмөктөр) аркылуу атайын сунуштарды, жаңы товарлар жана жарнамалык акциялар жөнүндө маалыматтарды алууга жана маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарда автоматташтыруу каражаттары менен эсептөөчү техниканы колдонуу аркылуу же мындай каражаттарды колдонуусуз алуу, жаздырып алуу, чогултуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо, өзгөртүү), чыгарып алуу, пайдалануу, өткөрүп берүү (таратуу, жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү), анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамына ылайык чет өлкөлөргө трансчекаралык өткөрүп берүү, ээсиздендирүү, бөгөттөө, өчүрүү, жок кылуу аркылуу өзүнүн жеке маалыматтарынын иштелип чыгышына, ошондой эле Колдонуучуга атайын сунуштар, жаңы товарлар жана жарнамалык акциялар жөнүндө маалыматтарды жиберүүнү уюштуруу, Колдонуучулардын сурамдарын жана кайрылууларын иштеп чыгуу максатында жаздырып алуу, анын ичинде, бирок аны менен чектелбестен, системалаштыруу, топтоо, тактоо, сактоо, чыгарып алуу, атайын сунуштар, жаңы товарлар жана жарнамалык акциялар жөнүндө маалыматтарды түздөн-түз жиберүү, сурамдарды жана кайрылууларды иштеп чыгуу, ошондой эле Колдонуучулук макулдашуунун Формаларында көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды жок кылуу менен алектенген башка жакка же уюмдарга иштеп чыгууну тапшырууга макулдугун берет.

6.3. Колдонуучунун Макулдашуунун шарттарына, анын ичинде жеке маалыматтарды иштетүү тартибине макулдугу кайра чакыртып алынбаса, автоматтык түрдө узартуу менен 5 жылга жарактуу. Бул макулдук «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсынын support.kg@sportmaster.com электрондук дарегине жазуу түрүндө билдирүү жиберүү аркылуу каалаган мезгилде кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

7.1. «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы ушул Купуялуулук жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү Колдонуучуга кандайдыр бир атайын билдирүүлөрдү жиберүүсүз бир тараптуу тартипте киргизүүгө укуктуу. Өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Макулдашуунун актуалдуу редакциясында акыркы жаңылануу күнү көрсөтүлөт. Эгер Макулдашуунун жаңы редакциясында башкасы каралбаган болсо, Макулдашуунун жаңы редакциясы жайгаштырылган учурдан тарта күчүнө кирет. Макулдашуунун учурдагы редакциясы «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсынын sportmaster.com Интернет-сайтында жайгаштырылган.

8.1. Ушул Макулдашууга байланыштуу бардык сунуштар же суроолор «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсына support.kg@sportmaster.com электрондук дареги боюнча жөнөтүлөт. Суроолорду жана сунуштарды Уюмдун support.kg@sportmaster.com корпоративдик электрондук почтасы аркылуу жиберүүгө болот. Келип түшкөн кайрылуулар, суроолор жана сунуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.

8.2. Эгер Колдонуучулук макулдашуунун кайсыл бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укук ченемдерине шайкеш келбесе, анда тараптар аталган бөлүктө мыйзамдын тийиштүү ченемдеринин талаптары менен жетектелет. Колдонуучулук макулдашуунун кандайдыр бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укук ченемдерине шайкеш келбестиги аны жалпысынан жараксыз деп таануу үчүн негиз болуп саналбайт.

8.3. Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык оферта болуп саналат жана Уюм менен Колдонуучунун ортосундагы Маалыматтык электрондук ресурсту жана Уюмдун башка Сервистерин пайдалануу менен байланышкан мамилелерин жөнгө салат.

8.4. Колдонуучунун ушул Купуялуулук жөнүндө макулдашуунун 4-пунктунда көрсөтүлгөн тартибинде макулдугун билдириши ушул Макулдашуунун шарттарын кабыл алышы болуп саналат. Ушул Макулдашууну кабыл алышы Колдонуучунун ушул Макулдашуунун бардык шарттарына толук макул болгондугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Клубдук программага катышуу эрежелери менен таанышкандыгын жана аларды шартсыз кабыл алгандыгын билдирет.

8.5. Ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу талаштар же пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Колдонуучу жана Уюм аларды сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечүү үчүн бардык аракеттерди көрүшөт. Эгер талаш-тартыштар сүйлөшүүлөр аркылуу чечилбесе, алар Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдары менен белгиленген тартипте Уюмдун жайгашкан жери боюнча тийиштүү компетенттүү сотто чечилүүгө жатат.

8.6. Колдонуучу үчүн ушул Макулдашуу Колдонуучу аны ушул Макулдашуунун 4-пунктуна ылайык кабыл алгандан тарта күчүнө кирет.

8.7. Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн. Макулдашуу менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилүүгө жатат.

Тиркемеге кирүү бөгөттөлгөн.

Баракчаны жаңыртып көрүңүз. Мындай жагдай кайталанса, support.kg@sportmaster.com дареги боюнча биз менен байланышып, бөгөттөөнүн URL дарегин, катанын кодун жана IP-дарегиңизди билдириңиз.
Баракчанын дареги:
Катанын коду:
IP-дарек: