Кыргызча Русский
Орусия Кыргызстан Армения Казакстан Беларус
Бишкек
sportmaster

Клуб программасынын эрежелери

Бонус – бул келечектеги сатып алууда арзандатууну эсепке алуу бирдиги, аны ыйгаруу жана пайдалануу эрежелери ушул Катышуу эрежелеринде аныкталган.

Бонустук арзандатуу – бул сатып алуунун бир бөлүгүн Бонустар менен төлөө. Бонустук арзандатууда Бонустар Бонустук эсептен кемитилет.

Бонустук эсеп – бул КПнын катышуучусу жана Бонустун балансы жөнүндө маалыматты камтыган Клубдук программадагы эсептик жана маалыматтык жыйынды.

Бонустук баланс – бул КПнын катышуучусунун Бонустук эсебиндеги Бонустардын саны.

Компания – «Спортмастер Кыргызстан» ЖЧКсы.

Клубдук программа (КП) – Спортмастер Клубдук программасы, Компаниянын Бонустук, лоялдуулук программасы.

Кэшбэк бонустары – КПнын катышуучусу ушул Катышуу эрежелеринде белгиленген тартипте сатып алууларды жүргүзгөндө ыйгарылган Бонустар.

МБ – Спортмастер дүкөндөрүндө кызыл жана ак гаммадагы «Мыкты баа» деген атайын көрнөкчө менен көрсөтүлгөн, «Мыкты баа» категориясындагы эң төмөнкү баадагы товарлар.

Сатып алуулардын топтолгон суммасы – КПнын SMS авторизациясынан кийин КПнын катышуучусу тарабынан жасалган сатып алуулардын суммасы. Бонустар менен төлөнгөн сатып алуулардын баасы Сатып алуулардын топтолгон суммасына кошулбайт. Сатып алуулардын топтолгон суммасынын эсеби КПнын катышуучуларынын КПга катышуунун жаңы деңгээлине өтүүсү үчүн кыргыз сомунда жүргүзүлөт.

БК – бул Спортмастер Белек картасы.

Промо бонустар – бул Компаниянын жарнама аракеттеринин алкагында белгилүү бир иш-аракеттерди жасаганда же белгилүү бир иш-чаралар болгондо КПнын катышуучусуна ыйгарылуучу Бонустар.

ЧТ – Кыргыз Республикасынын аймагындагы Спормастер дүкөндөрүнүн чекене тармагы.

Чекене арзандатуу – бул товардын баалыгында көрсөтүлгөн арзандатуу.

Чекене баа – баалыкта көрсөтүлгөн жана төлөнүүгө тийиш болгон товар баасы. Чекене арзандатуунун натыйжасы болушу мүмкүн.

КПнын катышуучусу – КПда каттоодон өткөн жеке адам.

Электрондук каттоо – бул ЧТ дүкөнүнүн Кассири тарабынан Кардардын маалыматын кассалык аппаратка киргизүү жолу менен аны КПга каттоо процесси. Кардардын маалыматы дароо Дайындар базасына (ДБ) түшөт.

1.1. Спортмастер Клубдук программасы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык Спортмастер дүкөндөрүндө иштейт.

1.2. 18 жашка толгон жеке жактын баары КПнын катышуучусу боло алат.

1.3. Спортмастер Клубдук программасына катышуу үчүн, Кыргыз Республикасынын аймагындагы ЧТ дүкөндөрүнүн биринде Электрондук каттоо жолу менен катышуучу катары каттоодон өтүү керек.

1.4. КПнын катышуучулары Компаниядан артыкчылыктарды алышат. Берилген артыкчылыктардын өлчөмү Клубдук программасына Катышуу деңгээлине (ушул Катышуу эрежелеринин 3–бөлүмүнө) жараша болот.

1.5. Жеке Бонустук эсеп Спортмастер Клубдук программасынын ар бир катышуучусу үчүн түзүлөт. Сатып алууларды жүргүзүү жана Компаниянын жарнамалык иш-аракеттерине катышуу менен КПнын катышуучусу Бонустарды топтойт. Бонус – бул келечектеги сатып алууда арзандатууну эсепке алуу бирдиги. 1 Бонус 1 сомго барабар экенин эске алып, кийинки сатып алуунун бир бөлүгүн Бонустар менен төлөөгө болот. Арзандатуу төлөнүүчү товардын (тейлөө кызматтардын) наркынын 30%нан ашпашы керек.

1.6. Бонустук эсепке Бонустарды топтоо Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык Спортмастер дүкөндөрүндө жеткиликтүү.

1.7. Бонустар менен товарларды төлөө Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык Спортмастер дүкөндөрүндө жеткиликтүү.

2.1. Бонустарды пайдалануу үчүн КПнын катышуучусу идентификациядан (Клубдук программага авторизацилоодон) өтүшү керек. Идентификация SMS авторизациясынын жардамы менен жүргүзүлөт (ушул Катышуу эрежелеринин 2.3-п.). КПнын катышуучусунун SMS авторизациясы аркылуу идентификациядан өтүшү – бул ушул Саясаттын алкагында Компанияга белгилүү болуп калган жеке маалыматын иштеп чыгууга толук макулдук бергени. Бонустарды топтоо үчүн кошумча идентификациялоо ыкмасын колдонууга уруксат берилет: КПга каттоо учурунда көрсөтүлгөн уюлдук телефон номерди берүү.

2.3. SMS авторизациясы Спортмастер Клубдук программасынын катышуучуларына КПга каттоо учурунда көрсөткөн уюлдук телефон номери боюнча авторизациядан өтүүнүн негизинде Бонусту пайдаланууга жана учурдагы сатып алуулар үчүн Бонустарды топтоого мүмкүнчүлүк берет:

2.3.1. SMS авторизациясы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык Спортмастер дүкөндөрүндө жеткиликтүү.

2.3.2. SMS авторизациясы акысыз жүргүзүлөт.

2.3.3. SMS авторизациясы Клубдук программага катталгандан кийин КПнын катышуучуларына дароо жеткиликтүү болот.

2.3.4. SMS авторизациясы үчүн Клубдук программанын талаптары:

2.3.4.1. жанында КПга каттоо учурунда көрсөткөн уюлдук телефон номери болушу керек;

2.3.4.2. сатып алууда КПга катталуу учурунда көрсөткөн уюлдук телефон номерин кассирге билдирүү керек;

2.3.4.3. көрсөтүлгөн уюлдук телефон номерине ырастоо коду менен SMS келгенден кийин кодду кассирге билдирүү керек. Эгер бонустук эсепте Бонустар жок болсо, ырастоо коду менен SMS келбейт, бирок уюлдук телефон номери туура көрсөтүлгөн шартта, сатып алуу үчүн Бонустар берилет.

2.3.5. Ушул Катышуу эрежелеринин 2.3.4.1 – 2.3.4.3 параграфтарында көрсөтүлгөн аракеттерин ийгиликтүү аткаргандан кийин, Клубдук программанын катышуучусу Бонустарды пайдалануу жана учурдагы сатып алуу үчүн Бонустарды топтоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бонустарды ыйгаруу жана пайдалануу шарттары ушул Катышуу эрежелери менен аныкталат жана КПнын Катышуучусунун SMS авторизациясынан көз каранды эмес.

2.3.6. Бир ырастоо кодун бир жолу сатып алууда гана колдонууга мүмкүн. SMS-авторизация процесси ар бир сатып алууда өзүнчө жүргүзүлөт.

2.3.7. Интернет каналда көйгөйлөр чыкса, сигналдын деңгээли начар болсо же уюлдук түйүндөрдүн тыгыны болсо, SMS авторизациясы убактылуу жеткиликсиз болушу мүмкүн. КПга катталуу менен Клубдук программанын Катышуучулары Компаниянын жоопкерчилиги жок жана жооп бере албаган, Компаниянын түздөн-түз көзөмөлүндө болбогон жагдайларга байланыштуу SMS-авторизация кызматы убактылуу жеткиликсиз болуп калышы мүмкүн экенин билишет жана макулдугун ырасташат, анын ичинде Интернетке туташуу боюнча көйгөйлөр, сигналдын начар болушу, уюлдук түйүндөрдүн тыгыны, ж.б.

3.1. КПнын катышуучулары Сатып алуулардын топтолгон суммасына жараша Клубдук программага Катышуу деңгээли боюнча бөлүнүшөт.

3.2. Клубдук программанын үч Катышуу деңгээли бар:

Катышуу деңгээли Сатып алуулардын топтолгон суммасы
Стандарттуу 15 000 сомго (кошо эсептегенде) чейин
Күмүш 15 001 сомдон 150 000 сомго (кошо эсептегенде) чейин
Алтын 150 001 сомдон баштап

3.3. Эгер Сатып алуулардын топтолгон суммасы учурдагы Катышуу деңгээлине туура келген чектен ашса, КПнын катышуучусуна артыкчылыктарды берүү КПга катышуунун жаңы деңгээлинин шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3.4. Клубдук программанын катышуучуларынын КПга катышуу деңгээлине жараша төмөнкү артыкчылыктар берилет:

Клубдук программага Катышуу деңгээли Стандарттуу Күмүш Алтын
Сатып алуулардын топтолгон суммасы 15 000 сомго (кошо эсептегенде) чейин 15 001 сомдон 150 000 сомго (кошо эсептегенде) чейин 150 001 сомдон баштап
Чектеги товарды сатып алуунун ар бир 1000 сому үчүн кэшбэк пайызы (Кэшбэк бонустарынын ыйгарылуучу суммасы) 5% (50 /бонус) 7% (70 / бонусов) 10% (100 / бонусов)
Бонустарды Бонустук эсепке которуу жана Бонустар менен сатып алуулардын бир бөлүгүн төлөө + + +
Кошумча маалымат кызматтары (SMS жана e-mail аркылуу маалымдоо) + + +
ЧТда көрсөтүлгөн товарлар үчүн атайын сунуштар + + +
Товарды 1 күнгө сактоо + + +
Товарга кошумча кепилдик мөөнөтү - +30 күн +60 күн
Талаптагыдай сапаттагы товарды алмаштыруу (кайтаруу) мөөнөтү (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде) 14 күн 30 күн 60 күн
ЧТ дүкөндөрүндө (жеткирүү кызматтарынан тышкары) 1 сом өлчөмүндө төлөнгөн Тейлөө кызматтарынын баасынын Кэшбэк пайызы 1 Кэшбек бонусуна барабар 20% 50% 100%
КПнын катышуучусунун Туулган күнүнө белек катары берилүүчү Промо бонустардын саны 500 1 000 2 000

4.1. Клубдук программанын алкагында Бонустар Бонустук эсепке түшөт, аларды Кыргыз Республикасынын аймагындагы Спортмастер дүкөндөрүндө кийинки сатып алуулар үчүн пайдаланса болот.

4.2. Бонустун 2 түрү бар, алар ыйгаруу жана пайдалануу шарттары боюнча айырмаланат:

  • Кэшбэк бонустары ушул Катышуу эрежелерине ылайык ЧТдагы сатып алуулар үчүн ыйгарылат.
Промо бонустар КПнын катышуучусу белгилүү бир иш-чараларды өткөргөндө (мисалы, КПнын катышуучусунун Туулган күнүнө белек катары) же Компаниянын жарнамалык ишмердүүлүгүнүн алкагында белгилүү бир иш-аракеттерди жасаганда ыйгарылат. Промо бонустарды ыйгаруу жана пайдалануу шарттары, жарактуулук мөөнөтү тиешелүү жарнамалык иш-чаралардын шарттарында Компания тарабынан аныкталат.

Упайдын түрү Ыйгаруу шарттары
Кэшбэк бонустары Кэшбек бонустары Белек карталарын сатып алууну кошпогондо, ар кандай товарды сатып алуунун ар бир толук 1000 сому үчүн берилет. Кэшбэк бонустары накталай, банк картасы же белек картасы менен төлөнгөн суммага берилет. Кэшбэк бонустары Бонустар менен төлөнгөн сатып алуу суммасына берилбейт. Ыйгарылуучу Кэшбэк бонустарынын саны КПга катышуу деңгээлине жараша аныкталат:
Катышуу деңгээли Ар бир 1000 сомдук товарды сатып алуу үчүн кэшбэк пайызы (ыйгарылуучу Кэшбэк бонустарынын саны) «Спортмастер» дүкөндөрүндө төлөнүүчү Тейлөө кызматтарынын наркынын Кэшбэк пайызы (жеткирүү кызматтарынан тышкары), 1 сом Кэшбэк бонусуна барабар эсебинде
Стандарттуу Синяя
5% (50 бонуска барабар) 20%
Күмүш Серебряная
7% (70 бонуска барабар) 50%
Алтын Золотая
10% (100 бонуска барабар) 100%
Товарларга төлөө мүмкүнчүлүктөрү Бонустарды ыйгаруу жана жарактуулук мөөнөтү
Кэшбэк бонустары менен бир жолу Кыргыз Республикасынын аймагындагы Спортмастер дүкөндөрүндөгү бардык товарлардын жана Тейлөө кызматтары-нын баасынын 30% чейин (кошо эсептегенде) төлөөгө мүмкүн (Белек карталарынан, «Мыкты баа» жана «Бонустар жана арзандатуулар колдонулбайт» деген белгилери бар товарлардан, ошондой эле жеткирүү кызматтарынан тышкары). Кэшбэк бонустарын Бонустук эсепке чегерүү: сатып алгандан кийин 1 күндүн ичинде (ЧТ дүкөнүнүн Интернет каналында көйгөйлөр чыкса, кечигиши мүмкүн). Кэшбэк бонустары ыйгарылган күндөн тартып 180 күндүн ичинде (ыйгаруу күнүн кошо эсептегенде) жарактуу. Эгер сиз ушул 180 күндүн ичинде Спортмастер дүкөндөрүндө дагы бир жолу сатып алган болсоңуз, анда Кэшбэк бонустарынын жарактуулук мөөнөтү узартылат жана сатып алган күндөн тартып 180 күндү түзөт (сатып алган күндү кошо эсептегенде). Кэшбэк бонустары жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин жокко чыгарылат. Бирок, сатып алуулардын топтолгон суммасы сакталат.
Промо бонустар Промо бонустар КПнын катышуучуларынын Бонустук эсебине ар дайым төмөнкү учурларда чегерилет:
Окуя Промо бонустардын саны Ыйгаруу мөөнөтү Ыйгарылган учурдан тартып жарактуулук мөөнөтү (ыйгаруу күнүн кошо эсептегенде)
КПнын катышуучусунун Туулган күнү 500 Стандарттуу, 1000 Күмүш, 2000 Алтын КПга катышуу деңгээли КПнын катышуучусунун Туулган күнүндө 1 ай
Катышуучуну КПга каттоо (анкетанын бардык талааларын толтуруу, анын ичинде милдеттүү түрдө ырасталуучу e-mail) 500 катталгандан кийин 5 мүнөттүн ичинде 3 ай
Товарларга төлөө мүмкүнчүлүктөрү Бонустарды ыйгаруу жана жарактуулук мөөнөтү
Товарларды Промо бонустар менен төлөө шарттары Компаниянын тиешелүү жарнамалык иш-чараларынын шарттары менен аныкталат Промо бонустар КПнын катышуучуларынын Бонустук эсебине ар дайым төмөнкү учурларда чегерилет.

4.3. Товарды Бонустар менен төлөөдө:

  • Бир Бонус бир кыргыз сомуна барабар.
  • Төлөө үчүн кабыл алынган Бонустардын эң төмөнкү саны — 1 бонус.

4.4. Товар кайтарылган учурда, КПнын катышуучусуна товар үчүн төлөгөн акча каражаттары гана кайтарылат; сарпталган Бонустар КПнын катышуучусунун Бонустук эсебине товарларга Бонустар менен төлөгөн учурда калган жарактуулук мөөнөтү боюнча калыбына келтирилет; сатып алуу үчүн ыйгарылган Бонустар жокко чыгарылат. Сатып алуунун бир бөлүгү кайтарылганда, пайдаланылган Бонустар кайтаруунун суммасына жараша тең калыбына келтирилет. Эгер товар кайтарылып берилсе жана кайтарылган товар үчүн ыйгарылган Бонустар буга чейин коротулган болсо, анда Бонустук баланс терс маанини көрсөтүшү мүмкүн. Башкача айтканда, КПнын катышуучусунун кийинки сатып алууларында ага ыйгарылуучу Бонустар алгач Бонустук балансты терс зонадан оң зонага чыгаруу үчүн колдонулат. КПнын катышуучусу бул Бонустарды сатып алуулар үчүн төлөөгө пайдалана албайт.

5.1. Спортмастер Клубдук программасынын катышуучулары Компаниядан атайын сунуштар, жаңы товарлар жана жарнама иш-чаралары, анын ичинде жарнамалык акциялар, ошондой эле электр байланыш тармактары жана почта байланышы аркылуу суроо-талаптарга жооп берүү (анын ичинде: SMS-жибермелер, e-mail-жибермелер) жөнүндө маалыматты алууга макулдугун ырасташат. Спортмастер Клубдук программасынын катышуучулары атайын сунуштарды, жаңы товарлар жана жарнамалык иш-чаралар, анын ичинде жарнамалык акциялар, алардын суроо-талаптарына жана кайрылууларына жооптор жөнүндө маалыматты жөнөтүүнү уюштуруу үчүн, автоматташтыруу каражаттарын, анын ичинде маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарын колдонуу менен же мындай каражаттарды колдонбостон жүргүзүлгөн чогултуу, жазып алуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо, алып чыгуу, колдонуу аркылуу жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун ырасташат.

  • КПнын катышуучусу катары Спортмастер дүкөнүндө Электрондук каттоо аркылуу.

5.2. Компаниядан маалымат алууга макулдугун тастыктаган Спортмастер Клубдук программасынын катышуучулары төмөнкү мазмундагы маалыматты электр байланыш түйүндөрү жана почта байланышы аркылуу (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен: SMS-жибермелер, e-mail-жибермелер, телефония, Интернет тармагы жана уюлдук түзмөктөр) алышат:

  • атайын сунуштар, жарнамалык иш-чаралар жана Спортмастер дүкөндөрүндө сатып алуу үчүн жеткиликтүү болгон товарлар жөнүндө жарнама мүнөзүндөгү маалымат;
  • Спортмастер Клубдук программасы жөнүндө маалымат;
  • Спортмастер Клубдук программасынын катышуучусунун Бонустук эсебиндеги Бонустардын саны жана жарактуулук мөөнөтү жөнүндө маалымат;
  • Спортмастер Клубдук программасынын катышуучусунун суроо-талаптарын жана кайрылууларын карап чыгуу жыйынтыктары жөнүндө маалымат.
Маалымат жөнөтүүнүн мезгилдүүлүгү Компания тарабынан аныкталат.

5.3. Спортмастер Клубдук программасынын катышуучулары support.kg@sportmaster.com электрондук дареги боюнча сурап-билүү кызмат бөлүмүнө кайрылып, Компаниядан маалымат алуудан баш тартышы мүмкүн. Маалыматты алуудан баш тартуу үчүн КПга катталуу учурунда берген уюлдук телефон номерин/e-mail дарегин берүү керек.

6.1. Спортмастер Клубдук программасынын катышуучулары атайын сунуштарды, жаңы товарлар, жарнамалык акциялар жана башка жарнамалык иш-чаралар жөнүндө маалыматты түздөн-түз жөнөтүү, суроо -талаптарды жана кайрылууларды карап чыгуу максатында жеке маалыматтарды жазып алуу, системалаштыруу, топтоо, тактоо, сактоону жана алып чыгууну жүргүзгөн, ошондой эле жеке маалыматтарды жок кылуу менен алектенген уюмдарга жеке маалыматтарын өткөрүп берүүгө макул болушат:

  • КПнын катышуучусу катары Спортмастер дүкөнүндө Электрондук каттоо аркылуу.

6.2. Спортмастер Бонустарынын жана Белек карталарынын өз ара аракеттешүүсү:

6.2.1. БКны сатып алууда Кэшбэк бонустары берилбейт, сатып алуунун суммасы Сатып алуулардын топтолгон суммасында эсептелбейт.

6.2.2. БКны сатып алууда Бонустук же башка арзандатуулар берилбейт. БК ар дайым өзүнүн номиналы боюнча акча каражаттары менен төлөнөт.

6.2.3. Товарга БК менен төлөп жатканда Бонустук арзандатууну пайдаланса болот. Алгач товардын бир бөлүгү Бонустар менен төлөнөт. Ал эми калган суммасы БК менен төлөнөт.

6.2.4. БК менен төлөнгөн суммага БК менен товарларды төлөп жатканда, Кэшбэк бонустары берилет. Ошондой эле, бул сумма Сатып алуулардын топтолгон суммасында эсептелинет.

6.3. КПнын катышуучусу өзүнүн талаптарын Компанияга өзүнө ыңгайлуу түрдө жөнөтө алат:

  • support.kg@sportmaster.com электрондук почта дарегине жазып кайрылуу аркылуу;
  • Компаниянын юридикалык дарегине жазып кайрылуу аркылуу: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Калык Акиев көч., 95–үй, 14–кеңсе.

6.4. Компания төмөнкү укуктарды өзүнө калтырат:

6.4.1. sportmaster.com сайтында Клубдук программага Катышуу эрежелерин жаңыртуу менен Клубдук программага Катышуу шарттарын бир тараптуу өзгөртүү;

6.4.2. sportmaster.com сайтында жана ЧТ дүкөндөрүндө маалыматты жайгаштыруу аркылуу КПнын катышуучуларына жарактуулугун токтотууга бир ай калганда билдирүү жасап, КПнын жарактуулугун токтотуу. КПнын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда:

  • КПнын жарактуулугун токтотуу жөнүндө билдирүү берилген учурдан баштап КПнын жаңы катышуучуларын каттоо токтотулат;
  • КПнын жарактуулугун токтотуу жөнүндө билдирүү берилген учурдан баштап Бонустардын бардык түрлөрүн ыйгаруу токтотулат;
  • КПнын катышуучуларынын Бонустук эсебине чегерилген Бонустар КП токтотулганга чейин жарактуу.

6.5. КПнын катышуучусу тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер болсо же Клубдук программанын шарттарын бузган болсо, Компания себептерин түшүндүрбөстөн КПнын катышуучусунун Бонустук эсебин бир тараптуу жабуу укугун өзүнө калтырат. 6.6. Компания керектөөчүлөрдү КПнын катышуучулары катары каттоодон өткөрүүдө маалымат алуу ыкмасынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, керектөөчү тарабынан берилген маалыматтын тууралыгын, анын ичинде жашы жана товарды сатып алуунун максаты жөнүндө маалыматты текшербейт жана анын актуалдуулугун көзөмөлдөбөйт. Бирок, Компания керектөөчүлөр КПнын катышуучулары катары катталуу үчүн ишенимдүү маалыматты беришет жана Спортмастер дүкөнүндө маалыматты тууралоо менен бул маалыматты жаңыртып турат деп эсептейт. Бардык жоопкерчилик, ошондой эле так эмес же эскирген маалыматты берүүнүн мүмкүн болгон кесепеттери КПнын катышуучусуна жүктөлөт.

6.6. Компания керектөөчүлөрдү КПнын катышуучулары катары каттоодон өткөрүүдө маалымат алуу ыкмасынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, керектөөчү тарабынан берилген маалыматтын тууралыгын, анын ичинде жашы жана товарды сатып алуунун максаты жөнүндө маалыматты текшербейт жана анын актуалдуулугун көзөмөлдөбөйт. Бирок, Компания керектөөчүлөр КПнын катышуучулары катары катталуу үчүн ишенимдүү маалыматты беришет жана Спортмастер дүкөнүндө маалыматты тууралоо менен бул маалыматты жаңыртып турат деп эсептейт. Бардык жоопкерчилик, ошондой эле так эмес же эскирген маалыматты берүүнүн мүмкүн болгон кесепеттери КПнын катышуучусуна жүктөлөт.

6.7. Компания Кыргыз Республикасынын жеке жактардын жеке маалыматтарын коргоо жөнүндө мыйзамдарынын жоболоруна ылайык КПнын катышуучусунун жеке маалыматтарынын коопсуз сакталышына жана коопсуздугуна кепилдик берет. Компаниянын кепилдиктери кызматташтыктын алкагында КПнын катышуучусунун жеке маалыматтарын келишимдин негизинде иштеп чыгууну жүргүзгөн Компаниянын өнөктөштөрүнө да тиешелүү.

6.8. Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КПнын катышуучусунун жеке маалыматтарын талаптагыдай сактабашы (иштеп чыгуусу) менен байланышкан КПнын катышуучусуна келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

6.9. КПнын катышуучусу каалаган убакта КПга катышуусунун алкагында берилген жеке маалыматтарын өчүрүүнү талап кылууга укуктуу, бул өз кезегинде КПга катышуусун токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

Тиркемеге кирүү бөгөттөлгөн.

Баракчаны жаңыртып көрүңүз. Мындай жагдай кайталанса, support.kg@sportmaster.com дареги боюнча биз менен байланышып, бөгөттөөнүн URL дарегин, катанын кодун жана IP-дарегиңизди билдириңиз.
Баракчанын дареги:
Катанын коду:
IP-дарек: